Кыргызстандын 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын аткарылышына көңүл буруп, дин таануу жана диний билимдин сапатын жогорулатуу зарыл болуп турат. Мындай сунуштар Булан институту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен кошо 30-апрелде Бишкекте өткөргөн конференцияда айтылды. Жыйын «Диний билим: реформалоонун максаттары жана аткарылышы» деген теманын алкагында болду.
Анын алдында Булан институту Кыргызстанда диний билим берүү маселеси курч болуп турганын баяндап, мектепти медресеге алмаштырган жеткинчектердин маселесине көңүл бурууга чакырган.
2018-жылы Кыргызстанда 9-класска чейинки курактагы 850 бала мектепке барбай, медреседе же чиркөөдө окуп жүргөнү аныкталган. Билим берүү жана илим министрлигинин адистери аларды мектептерге тартып, ата-энелерине, балдарга түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирген.
Конференцияга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын, Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, дин таануучулар, окутуучулар жана эксперттер катышты.
Ушул күнү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да Кыргызстандагы диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Анын максаты - ар бир жарандын өз тандоосу боюнча, жекече же башкалар менен кошо диний билим алуу укугун камсыз кылуу. Ошондой эле диний окуу жайларынын билим берүү жараяны боюнча мамлекеттик саясаттын принциптери, укуктук ченемдер белгиленмекчи.