Орусиянын Пенза шаарынын жыйырмадан ашуун мектебинде хижаб кийүүгө тыюу салынды.
Шаардын райондук прокуратурасынын токтомуна ылайык, экстремисттик аракеттерге каршы туруу принциптерин сактоо максатында окуучулардын формасы боюнча тиешелүү жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди.
Буга чейин Татарстан Республикасынын борбору Казан шаарынын полиция кызматкерлери мугалимдерден мектепке хижабчан келген окуучулар жана алардын туугандары тууралуу толук маалымат берүүнү талап кылышкан.
Бул тууралуу Татарстандын Адвокаттар палатасынын мүчөсү Руслан Нагиев өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Март айында Орусиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы 2034-жылы Орусиядагы мусулмандар калктын 30 пайызын түзүп каларын билдирген.
«Левада-борбордун» 2012-жылы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Орусияда ислам динин тутунгандар калктын 7 пайызын түзөт.