Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Новопавловкада чыр чыккан лицейге башка директор дайындалды


Нааразылык акциясына чыккан ата-энелер.
Нааразылык акциясына чыккан ата-энелер.

Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейге убактылуу директор болуп мугалим Элнура Музаева дайындалды. Жетекчини жамаатка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева апта соңунда тааныштырды.

24-апрелде бул мектептин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектеп фондуна чогултулган акчанын эсебин талап кылып Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышкан.

Министрдин маалыматына караганда, Айтматов атындагы лицей миң окуучуга ылайыкташкан. Бирок азыр анда 4500 бала билим алат. Алардын 60 пайызынын ата-энелери мектептин фондуна каражат беришет. Ата-энелер директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап жатышат. Чырга байланыштуу мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу ишинен четтетилген.

Лицейдеги окуяны териштириш үчүн комиссия түзүлгөн. Андан тышкары бул ишти прокуратура да текшерери расмий кабарланган.

XS
SM
MD
LG