Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Күйүүчү май аткезчилери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кыргыз-казак чек арасынан күйүүчү майды мыйзамсыз саткан топту кармады.

Финполициянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» маалымдагандай, кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» бекетинен күйүүчү май ташуучу оор автоунаа кармалган. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада күйүүчү май куюлган автоунаа Таластан Чүйгө баратканы аныкталган. Андагы бензин Бишкекте башка машинеге куюлуп, кийинчерээк Сокулук районундагы күйүүчү май саткан бекеттердин биринин кампасына куюлган. Финполиция майбекетке куюлган күйүүчү май бензин катары сатылып жатканын баса белгилеген.

Учурда бул аткезчилик схемасынын артында турган кишилерди аныктоо жана мамлекетке келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG