Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:46

Трамптын Жапониядагы сапары башталды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Америка Кошмо Штаттары Жапония менен кызматташтыгын мындан ары да бекемдейт. Бул тууралуу бүгүн 25-майда АКШнын президенти Дональд Трамп Жапонияда башталган төрт күндүк мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн алгачкы жолугушууда айтты:

- Жапония менен Кошмо Штаттардын кызматташтыгы эч убакта азыркыдай бекем болгон эмес деп ишенимдүү айта алам. Эч качан ушунчалык жакын болгон эмес. Эки өлкөнүн соода-сатык алакасын жакшыртуу үчүн бул эң жакшы учур. АКШ жана Жапония дүйнөдөгү эң ири экономика экени белгилүү. Силердеги ички өндүрүш боюнча көрсөткүчтөр менен таанышып чыктым, баары мыкты экен.

Трамп жапон императору Нарухито жана премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушууларды өткөрөт, сумо мелдештерин көрүп, америкалык базанын иши менен таанышат.

Трамп Жапонияда 1-майда жаңы император кызматка киришкенден бери бул өлкөгө барган алгачкы чет өлкөлүк лидер болду. (RK)

XS
SM
MD
LG