Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55

31-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

31-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34

Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36;

Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 32…34° болот.

XS
SM
MD
LG