Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Ашраф Гани июнь айынын акырында Пакистанга барат


Ашраф Гани. Кабул шаары. 4-июнь, 2019-жыл.
Ашраф Гани. Кабул шаары. 4-июнь, 2019-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 4-июнда айт намазынан кийин билдиргендей, ал 27-июнда эки тараптуу кызматташтыкты өркүндөтүү максатында Пакистанга барат. Анын сапары тууралуу Сауд Арабиясында өткөн жумада өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен жолукканда талкууланган.

Кабул кошунасы Пакистанды «Ооганстанда чабуулдарды уюштуруп келе жаткан «Талибанды» өз аймагында жашырат» деп айыптап келет. Гани көп жылдык ишенбестик мамиле эми тынчтыкка багытталган эки тараптуу ишенимге жана кызматташтыкка алмашат деген үмүтүн билдирди.

Кийинки айларда Кошмо Штаттар өлкөдө 18 жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу максатында ооган өкмөтү менен талибдердин ортосунда тынчтык макулдашуусуна жетиш үчүн аракеттерин күчөтүп келет. Ооганстан боюнча АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен Катардын баш калаасы Дохада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөргөн.

XS
SM
MD
LG