Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Жаш ишкер Билим берүү министрлигине кайрылды


Нурсултан Кубанов.
Нурсултан Кубанов.

«Перспектива» билим берүү борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, бул тармакта реалдуу реформа болбой жатканын сындады.

Ал Кыргызстандын Билим берүү министрлиги 24 жылдан бери алты эле мамлекетке бюджеттик негизде окууга жөнөтөрүн белгилеп, Казакстан 20дан ашык чет өлкөгө студенттерин жибергенин мисал келтирген.

«Бюджеттик квоталарды көбөйтүү максатында министрликтин эл аралык бөлүмүнүн ыйгарым укуктарын биздин командага берүүнү өтүнөбүз. Билим берүү министрликтин атынан барып, мамлекетке миңден ашык квоталарды алып келүгө кепилдик бере алам» деп жазылат жаш ишкердин кайрылуусунда.

27 жаштагы Нурсултан Кубанов чет өлкөгө окууга жөнөтүү боюнча долбоорлор менен иш алып барат. (TSh)

XS
SM
MD
LG