Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

ТИМ: Сириядан кыргызстандыктарды кайтаруу кыйынчылык жаратууда


Сирия.
Сирия.

Кыргызстандын жарандарынын Сириянын расмий бийлигинин көзөмөлүнө кирбеген аймактарда кармалып жатканы расмий мекемелердин аларды мекенине кайтаруу аракетине кыйынчылык туудуруп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сириядагы качкындар лагерлеринде кармалган кыргызстандыктар боюнча «Азаттыктын» жазган катына Тышкы иштер министрлигинин берген жообунда айтылат.

Мекеме чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөр, эл аралык уюмдар менен бирге бул маселенин үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Ошондой эле мындай иштер тууралуу азырынча ачык маалымат берилбей турганы жазылган.

Буга чейин коңшулаш Казакстандын бийлиги Сириядагы согуш аймактарынан 357, Өзбекстан май айында 156 жаранын кайтарган. Тажикстан Ирактан 84 баланы алып келген.

Кыргызстан да Ирактагы кыргызстандыктардын дайын-дарегин аныктоо ишин аяктап, кайтаруу маселеси талкууланып жатканын билдиргени менен азырынча аларды алып келе элек.

Ушундай эле иш-аракеттер Сириядагы кыргызстандыктар боюнча да жүрүп жатканы айтылган. Өкмөт мекеме аралык жумушчу тобун да түзгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына кеткен кыргызстандыктардын саны 800дүн тегерегинде. Анын 200дөн ашыгы каза болгон. Өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топко кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG