Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Финпол: Октябрь райакимчилигинин өкүлү пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук акимчилигинин кызматкери пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу 17-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Финполго ишкер адам кайрылып, акимчиликтин экономика жана каржы бөлүмүнүн сектор башчысы ай сайын акча талап кылып келатканын айткан.

10-июнда ал кызматкер иш бөлмөсүнөн 14 миң сом алып жаткан жерден кармалган.

Баштапкы иликтөө учурунда акимчиликтин кызматкерлери ишкерлерден ай сайын 100 миң сомдой акча жыйнап жүргөнү аныкталды.

Кылмышка шектүү кызматкер Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камалды. (RK)

XS
SM
MD
LG