Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Консервативдүү партияны жетектөөгө эки талапкер иргелди


Британ парламенти. 29-январь, 2019
Британ парламенти. 29-январь, 2019

Британиянын мурдагы тышкы иштер министри Борис Жонсон жана учурдагы башкы дипломат Жереми Хант консервативдүү партияны жетектөөгө жана өкмөт башчылыкка негизиги талапкерлер болушту.

20-июнда парламенттеги консерваторлор бешинчи турда добуш беришти. Жонсонду 160, Хантты 77 депутат колдоду. Дагы бир талапкер Майкл Гоув 75 добуш алып, жарыштан чыгып калды.

Июлда партиянын 160 миңдей мүчөсү лидерин шайлайт. Жеңүүчү 7-июнда партия жетекчилигинен кеткен премьер-министр Терезай Мэйди өкмөт башчы кызматында алмаштырмакчы.

Мэй өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышы боюнча келишимдин шарттарын депутаттар менен макулдаша албай отставкага кетүү чечимин кабыл алган.

 

XS
SM
MD
LG