Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Быйылкы тестирлөөнүн мыктысы Жалал-Абад шаары болду


Элдияр Чормонов.
Элдияр Чормонов.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Жалал-Абад шаары мыкты деп табылды.

Эң жогорку баллды ушул шаардын тургуну, Курманбек баатыр атындагы №15 лицейдин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алган. Ал 238 балл топтоду.

Элдияр Чормонов бүгүн башка мыкты бүтүрүүчүлөр менен кошо мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан «Алтын сертификат» алды.

Мындай сертификатка быйыл 52 улан-кыз татыктуу болду. Алардын 19у аймактардан келгендер.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 47 440 бүтүрүүчү катышкан.

Эң көп балл алган бүтүрүүчү каалаган мамлекеттик окуу жайынын бюджеттик бөлүмүнө сынаксыз өтүү укугуна ээ болот. (AiN)

XS
SM
MD
LG