Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Жаштардын күрөш боюнча Азия чемпионаты: Кубатов күмүш байге алды


Байсал Кубатов Азия чемпионатынын финалдык беттешинде. 14-июль, 2019-жыл. Таиланд, Чонбури.
Байсал Кубатов Азия чемпионатынын финалдык беттешинде. 14-июль, 2019-жыл. Таиланд, Чонбури.

Кыргызстандык балбан Байсал Кубатов Таиланддын Чонбури шаарында кечээ жыйынтыкталган күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Байсал Кубатов 14-июль күнү эркин күрөштөн 86 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Ал мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач түштүк кореялык Жеонгву Паркты (2:2), жарым финалда кытайлык Тең Жаону (7:2) жеңип алган. Алтын байге үчүн болгон финалдык беттеште жапониялык Татсуя Шираи менен таймашып, бир упай айырмачылык менен жеңилип (1:2), күмүш байгенин ээси болду.

Байсал Кубатовдон сырткары бул күнү кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Икрамжон Хаджимуродов (61 кг) жана Сымбат Сулаймановдор (92 кг) коло байгеге арзышты.

Бир күн мурда 13-июлда күрөштүн ушул эле түрүнөн Арсланбек Турдубаев (97 кг) жана Таирбек Жумабек уулу (57 кг) коло медаль тагынышкан.

Грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 9-июлда башталган. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн Акылбек Талантбеков (77 кг) жана Нуржигит Кеңешбек уулу (67 кг) күмүш байгенин ээси болгон.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг) алтын медаль тагынса, Назира Марсбек кызы (59 кг) жана Нураида Анаркулова (57 кг) күмүш медалдардын ээси болду.

Жалпы командалык эсепте Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы бир күмүш, төрт коло байге менен 94 упай топтоп 8-орунду, эки күмүш байге эсебинде бар грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда 98 упай менен 6-орунду, бир алтын, эки күмүш байге менен кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда 81 упай менен 7-орунду ээледи. (GT/ECh).

XS
SM
MD
LG