Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Август, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Косово премьери Гаага соту шектүү катары чакыргандан кийин кызматтан кетти


Рамуш Харадинай кызматтан кеткенин жарыялагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай Гаагадагы эл аралык сот аны аскер кылмыштарын жасоого шектүү катары чакыргандан кийин жума күнү кызматынан кетерин жарыялады.

«Мен Косово Республикасынын премьер-министрлик кызматынан кетип жатам. Мен сиздерге ишеним көрсөтүп, колдогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Менин кызматтан кетүүмө Гааганын атайын комиссиясынын шектүү катары чакыруусу себеп болду», - деди ал Приштинадагы өкмөттүн жыйынында.

Рамуш Харадинай 1998-1999-жылдары Косовонун боштондук армиясынын колбашчыларынын бири катары сербдерге каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн.

«Мен сотко шектүү катары чакырылдым. Мага ал жерге премьер-министр же жеке тарап катары келүүнү сунушташты. Мен экинчисин тандадым», - деди Харадинай.

Ушуну менен Харадинай Гаага сотунун айыптоосуна байланыштуу экинчи ирет кызматтан кетип жатат. Ал биринчи жолу премьер-министрлик кызматын 2005-жылы тапшырып берген.

2012-жылы мурдагы Югославиядагы кылмыштарга байланыштуу Эл аралык трибунал Рамуш Харадинайды аскер кылмыштары үчүн актаган өкүм чыгарган.

Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу түрдө жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Сербия мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай, Косовону Конституцияга ылайык өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG