Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Афгани: Ооган аялдарды талибдер менен сүйлөшүүгө кошуу керек


Ооганстандын аялдар укугун коргогон активисти Жамиля Афгани өз өлкөсүндөгү талибдер менен тынчтык келишимине байланыштуу бардык маселелерди чечүүдө аялдар да добушка ээ болушу керектигин билдирди.

Афгани 26-июлда өткөн БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынында Кабулдан видео аркылуу кайрылуу жасады.

Ооган аялдары алардын жашоосуна таасир эткен бардык чечимдерге катышуусу керек”, - деген Афгани тынчтык сүйлөшүүлөргө аялдарды кошууну талап кылды.

АКШ талибдер менен расмий Кабулдун башын бириктирип, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү аракетин көрүп келет.

Кошмо Штаттардын Ооганстандагы атайын өкүлү Залмай Халилзад Катарда Талибандын өкүлү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бирок экстремисттик топтор Кабулдагы бийлик өкүлдөрү менен жолугушуудан баш тартып, аларды "Батыштын куурчактары" деп атап келет.

2001-жылга чейин Ооганстанды бийлеп турган талибдер аялдардын укугун эске алышкан эмес.

БУУнун коопсуздук кеңешиндеги АКШнын атайын элчисинин орун басары Черит Норман Шале согуштан жабыркаган өлкөнүн келечегине байланыштуу бардык маселелерге ооганстандык аялдар да аралашканы оң деп белгиледи.

БУУнун баш катчысынын орун басары Амина Мохаммед талибдер башкарып турган маалда ооганстандык аялдар билим алуудан, медициналык жардамдан өксүп, укугу тебеленип келгенин айтты.

Мохаммед жакында Ооганстанга барып, президент Ашраф Гани баштаган лидерлерге жана аялдардын укугун коргогон активисттерге жолуккан. (BCh)

XS
SM
MD
LG