Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Германия Ормуз кысыгындагы кемелерди кайтарган миссияга кошулууга шашпайт


Британиялык танкер, Перс булуңу, 21-июль 2019-жыл
Британиялык танкер, Перс булуңу, 21-июль 2019-жыл

Германия АКШ сунуш кылган Ормуз кысыгын кайтарган миссияга кошулууга “анча дилгир эмес”, бирок Европа миссиясынын алкагында андай ишке катышышы мүмкүн. Мындай билдирүүнү 31-июлда канцлер Ангела Меркелдин кеңсеси жасады.

Алдыңкы күнү Вашингтон Берлинге кайрылып, дүйнөнүн мунай ташыган эң ири жолунда коопсуздукту камсыздоого жана “Ирандын агрессиясына каршы” күрөшүүгө “жардам берүүнү” сунуш кылган.

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Улрике Деммер Германия Иран менен АКШ ортосундагы чырды дипломатиялык жол менен жөнгө салса болоруна ишенерин билдирди. Вашингтон-Тегеран мамилелери президент Дональд Трамп былтыр Иран менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк көп тараптуу келишимден чыккандан кийин начарлап кеткен.

Өткөн аптада Лондон өз деңиз аскерлерине британиялык желек астында бараткан кемелерди коштоп жүрүүгө буйрук берген. Анын алдында Ирандын аскерлери Перс булуңунун кире беришинде танкерин кармап кеткен.

"Деңиздеги коопсуздук маселесинде Германия Франция жана Британия менен тыгыз иштешип жатат, европалык миссия түзүү ыктымалдыгы көңүл бурууга арзыйт", - деди немис өкмөтүнүн өкүлү.

XS
SM
MD
LG