Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

АКШ Ирандын тышкы иштер министрине санкция салды


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео "Мохаммад Жавад Зарифти "кара тизмеге" киргизген чечим Иран элин кордоп жана кыйнап жаткан Тегеранды ресурстарынан ажыратуунун дагы бир кадамы" деп билдирди.

Ал эми финансы министри Стивен Мнучин бул Иран режимине акыркы жүрүм-туруму кабыл алынгыс экенин түшүндүргөн белги экенин айтты.

“Иран режими өлкө жарандарына социалдык тармактарга кирүүгө бөгөт коюп жаткан чакта тышкы иштер министри Жавад Зариф ушул эле каражаттар аркылуу режимдин пропагандасын жана туура эмес маалыматтарын дүйнөгө таратууда”, - деди Стивен Мнучин.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф АКШ администрациясынын чечими тууралуу дароо пикирин билдирди. Анын айтымында, Ирандан тышкары жерде жеке менчиги же көздөгөн кызыкчылыгы болбогондуктан бул санкциянын ага эч кандай терс таасири тийбейт.

Бул сыяктуу санкциялар "кара тизмеге" кирген адамга Кошмо Штаттарга баруу, анын аймагы аркылуу башка жакка учуу укуктарын чектейт.

Бирок Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифте Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу жыйындарына катышуу үчүн расмий сапарларына тыюу салынбайт. Америкалык тарап анын бул дипломатиялык кол тийбестиги сактала турганын бышыктады.

XS
SM
MD
LG