Ирандын тандамал аскер бөлүгү - Ислам революциясынын сакчылар корпусу Перс булуңунда араб өлкөлөрүнө контрабандалык мунай ташып бараткан делген чет өлкөлүк танкерди кармаганын жарыялады.
Алардын 4-августта тараткан маалыматына караганда, кеме 700 миң литр күйүүчү майды мыйзамсыз алып бараткан.
Өкмөттүк расмий IRNA агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсү тууралуу жазды. Анда танкерди кармоо кеме мунайды аткезчилик жол менен ташып баратканына ынанган сот чечиминин негизинде болгон.
Ирандын тандамал аскер түзүмү - Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлеринин маалыматына караганда, алар Перс булуңунда мыйзамсыз соодага каршы кайтаруу жүргүзгөн. Кармалган кеме Бушер провинциясына жеткирилген.
«Фарс» маалымат агенттиги кеменин жети экипаж мүчөсү да кармалганын жазды. Бирок кеме жана эпипаж мүчөлөрү кайсы өлкөнүкү экендиги айтылган эмес.
Бахрейнде жайгашкан АКШнын бешинчи деңиз флоту мунай танкеринин кармалганы тууралуу маалыматы жок экендигин билдирген.
Британиянын аскер-деңиз күчтөрү 3-июлда санкцияларга карабастан Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен Ирандын "Грейс-1" танкерин кармаган.
Ал эми Ислам революциясынын сакчылар корпусу 19-июлда Ормуз кысыгында британиялык "Stena Impero" кемесин эл аралык эрежелерди бузду негиз менен колго түшүргөн.