Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Айсулуу Тыныбекова жаракатынан улам финалга чыга албай калды


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Ушул күндөрү Польшада өтүп жаткан «Poland Open 2019» эл аралык күрөш турниринде кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова финалдык мелдешке катыша албай калды.

Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев «АКИpress» агенттигине Айсулуу Тыныбекованын жаракаты жеңил экенин, бирок спортчунун ден соолугуна кам көрүш үчүн финалдык сынактан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдады. 

Кыргызстандык балбан 3-августта 62 кг салмакта күч сынашып, Швециядан, Украинадан, Орусиядан келген атаандаштарын утуп финалга жолдомо алган. Бирок жарым финалдык таймашта тизесин кокустатып алган. (TSh) 

 

XS
SM
MD
LG