Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы окуя боюнча комиссия түзүүнү колдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш бүгүнкү кезексиз жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка алып келүү жана аны кармоо операциясы учурунда өкмөт жетишерлик даярдык көргөн эмес деп тапты. Бул тууралуу бүгүн парламент кабыл алган токтомдо белгиленген. Эл өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяны терең иликтеп чыгыш үчүн курамына мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден турган комиссия түзүү тууралуу сунушту колдоду. Ошондой эле атайын бөлүктүн каза болгон аскеринин үй-бүлөсүнө, жараат алгандарга жардам көрсөтүү пункту да бар.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жараат алды. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Азырынча ал эсине келе элек экенин дарыгерлер билдирип жатышат. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду.

Соңку кырдаалга байланыштуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны өттү. (КЕ/ErN)

XS
SM
MD
LG