Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Абдил Сегизбаев: Опумбаевдин бир да сөзүнө ишенбейм (видео)


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин басма сөз жыйынында айткан сөздөрүнө ишенбей турганын айтты. Ал бул тууралуу журналисттерге Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып билдирди:

- УКМКнын төрагасынын басма сөз жыйынын көрүп, бул адамдын бир да сөзүнө ишенүүгө болбосун түшүндүм. Мен ошол күнү (7-август) айылда болчумун. Ок атуу башталып, үн чыгаруучу гранаталар жарыла баштаганда эл менен кошо Атамбаевдин резиденциясына барганбыз. Барсак балдарга ок атылып жатыптыр. Мен спецназдарга кайрылып, «атпагыла» деп эки-үч жолу кыйкарганда эле бир-эки үн чыгаруучу граната жарылды. Ошол учурда ок атылып бут жакка тийип, жаракат алдым.

Сегизбаев бутунан жаракат алганын далилдеш үчүн экспертизадан да өтүүгө даяр экенин кошумчалап, «качып баратып бутун кокустатып алган» деген сөздөрдү жокко чыгарды.

Бүгүн, 13-августта өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев 7-августта Кой-Ташта Абдил Сегизбаевди эч ким атпаганын, ал өзү качып баратып чалынып жыгылганын айткан.

Сегизбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына сурак бергени кирип кетти.

Бүгүн, 13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча маалымат беришти. (BTo/KE)

XS
SM
MD
LG