Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Сапар Исаковго жакындары менен жолугууга үч саат убакыт берилди


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Сот ден соолугуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан ооруканага котурулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жакындарына жолугушууга уруксат берди. Бирок УКМК аларга үч саат гана убакыт бергенин, алар бүгүн, 20-августта жолугуп чыга турганын «Азаттыкка» адвокат Нурбек Токтакунов кабарлады:

- Сот уруксат берген. Бирок азыр УКМК «уруксат беребизби» деп карап жатканы туура эмес. Сот уруксат бергенден кийин дароо эле кириши керек болчу. Бирок «үч эле саатка мүмкүн» деп жатышат. Мындай болбойт, эртең энеси келсе ага да өзүнчө уруксат сураш керек болот.

УКМКнын Тергөө абагында отурган Исаков ооруканага которулганы 16-августта белгилүү болгон. Атайын кызмат ага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлганын билдирген.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык экенин 19-августта УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, ал «күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат».

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат. (KE)

XS
SM
MD
LG