Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

Өкмөт: «инвесторлорду кытай күзөтчүлөрү кайтарат» деген cөз калп


Солтон-Сары.
Солтон-Сары.

Кыргыз өкмөтү «кытай инвесторлорун кытайлык күч түзүмдөрү кайтарат» деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Буга чейин айрым маалымат сайттары менен социалдык тармактарда кытайлык инвесторлорду Кытай мамлекетинин күз түзүмдөрү кайтарышына жол берген мыйзам иштелип чыгышы мүмкүн экени кабарланган.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенин иштетүү укугу кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. Бирок, жергиликтүү элдин нааразылыгына байланыштуу кен иштеткен компаниянын ортосунда чыккан чатактан улам иш токтотулган. Буга байланыштуу Кытай элчилиги ыкчам аракет кылып, расмий Бишкекке чырды акыйкат иликтөө боюнча кайрылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG