Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Зеленскийдин партиясы өкмөт башчылыкка Гончарукту сунуш кылышы мүмкүн 


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана президенттик администрациянын башчысынын орун басары Алексей Гончарук (оңдо).
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана президенттик администрациянын башчысынын орун басары Алексей Гончарук (оңдо).

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы премьер-министрликке президенттик администрациянын башчысынын орун басары Алексей Гончарукту сунуш кылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги партиядагы депутаттардын бирине таянып жазды.

Буга чейин «Bloomberg» агенттиги жана «Украинская правда» басылмасы да президент Владимир Зеленский Гончарукту колдоп жатканын жазышкан. Депутат Ирина Верещуктун маалыматы боюнча, эл өкүлдөрү өкмөт башчылыкка талапкер Алексей Гончарук менен суроо-жооп иретинде жолугушуу да өткөргөн. Гончарук 35 жашта, кесиби юрист.

Конституцияга ылайык, парламенттеги башкаруучу коалиция же көпчүлүктү түзгөн партия премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн, башкы прокурорду жана башка кызмат адамдарын дайындайт.

Зеленскийдин «Эл кызматчысы» партиясы өткөн айдагы шайлоодо 254 орун алып, парламентте көпчүлүккө көбүнө ээ болгон.

Парламенттин жаңы курамы ишин 29-августта баштайт.

XS
SM
MD
LG