Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Садыр Жапаров кайра түрмөгө кайтарылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Садыр Жапаров жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №1 түзөтүү абагына 28-август күнү кечинде кайра кайтарылды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берилип, 27-августта бошотулган. Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастандын сөөгү 28-августта Түптүн Кең-Суу айылында жерге берилди.

Садыр Жапаровдун уулу жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG