Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Исабеков: 7-апрелдин сыры жакында ачылбайт


Исабеков: 7-апрелдин сыры жакында ачылбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:06 0:00

"Бийлик сырлары" көрсөтүүсүндө Жогорку Кеңештин 3-4-чакырылыштарынын вице-спикери Кубанычбек Исабеков 2010-жылы 7-апрелде бийлик алмашууга алып келген кандуу окуянын кесепеттери тууралуу кеп салды. Ал Убактылуу өкмөт ошол кездеги парламентти жокко чыгаруу менен өзүнүн иш-аракеттин мыйзамдан сырткары калтырган калпыстыкка жол берип, анын чыгарган декреттери кийин укуктук талаадан сырткары документтер катары жокко чыгарылган учурларды эске салды. Ошондой эле Кубанычбек Исабеков кийинки келген ыңкылапчыл бийлик мурдагысынан ашып түшкөн кемчиликтерди кетирип, анын аягы барып, ыңкылапчыл күчтөрдүн арасындагы курч карама-каршылыктарга себепчи болгонун мисал келтирди. "Кумтөр" алтын кен долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдөгү саясий оюндар тууралуу айткан Кубанычбек Исабеков күрөш аягына чыга электигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG