Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

Өкмөт билим берүү министринин кызматына Каныбек Исаковду сунуш кылды


Каныбек Исаков.
Каныбек Исаков.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. 

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет. 

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген.

Кудайбердиева башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер айтылып келген.

Акыркы жолу Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта абдан чоң талкууну жараткан. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG