Линктер

шейшемби, 15-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:16

Жалал-Абад: жумуш издегендерге жарманкеде 300 бош орун сунушталды


Жалал-Абаддагы бош орундар жарманкеси.

Шаарда өткөн бош орундар жарманкесинде ар түрдүү мекеме-уюмдар, окуу борборлору жана өнөр жай ишканалары тарабынан 300 жумушчу орун сунушталды. Жарманкеге Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш менен камсыз кылуу бөлүмү, эмгекке жарамдуу жаштар, жумуш берүүчүлөр, мамлекеттик жана муниципалдык органдар, шаар тургундары катышты. Адистер иш издеген жарандарга бош орундар тууралуу кеңири маалыматтарды беришти.

Иш-чараны уюштуруунун максаты - жумушсуз жаштарга көмөк көрсөтүү менен иш берүүчүлөргө да шарт түзүү болду. Шаар аймагында учурда 1600дөн ашык адам жумушсуз деп катталган.(RsK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG