Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:53

Украинада миллиардер Константин Жевагого эл аралык издөө жарыяланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюросу экс-депутат, миллиардер ишкер Константин Жевагого издөө жарыялады жана жакынкы күндөрү ал эл аралык издөөгө да берилерин маалымдады.

Иликтөөлөр боюнча мамлекеттик бюро ага өткөн айда кылмыш иши козгогон жана «Финансы жана Насыя» банкындагы «2,5 миллиард гривенди ыксыз сарптаган» деген айып койгон.

Ал буга чейин тергөөгө келбей жаткан жана өзү тууралуу дооматтардын баарын четке каккан. Жевагонун басма сөз кызматы ишкер ушул тушта чет өлкөдө дарыланып жатканын билдирген.

«Финансы жана Насыя» банкынын кожоюну Константин Жеваго Жогорку Раданын алты жолку чакырылышында депутат болгон. Анын ичинде эки ирет «Юлия Тимошенконун блогу» аркылуу шайланган. Калган учурда депутаттыкка өзүн өзү көрсөткөн. Соңку парламенттик шайлоодо өзүнүн округунда «Эл кызматчысы» партиясынын талапкерине утулуп калган.

XS
SM
MD
LG