Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Түркия күрд кошуундарына каршы жортуулун күчөттү


Жортуул башталгандан бери кеминде 15 адам өлдү.
Жортуул башталгандан бери кеминде 15 адам өлдү.

Түркиянын аскерлери Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулунун экинчи күнүндө жердеги операциясын күчөттү. Мунун алдында түрк аскер жетекчилери жортуул башталгандан бери абадан 180ден ашык сокку урулганын кабарлаган.

Күрд кошуундары башкарган «Сирия демократиялык күчтөрү» чек арадагы айыл-кыштактарда «катуу кагылышуу» болуп жатканын маалымдады. Жортуул болгондон бери кеминде 15 адам өлдү.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бул операциянын башкы максаты - Сирия менен чектешкен жерде «коопсуз аймак түзүү» экенин билдирген. Анкара күрд кошуундарын террордук топко теңейт.

Түркиянын жортуулунун алдында АКШ бул аймактардан аскерлерин алып чыгып кеткен жана бул Кошмо Штаттардын өзүндө жана эл аралык коомчулукта кыжырдануу жараткан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео PBS телеканалындагы маегинде «Вашингтон Анкарага күрддөргө чабуул койгонго макул болгон» деген сөздөрдү жокко чыгарды. Ошол эле учурда Түркия «өз коопсуздугун камсыз кылууга укугу бар» экенин, «террор коркунучуна» кабылганын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү Сириянын түндүгүндөгү жагдайга байланыштуу 10-октябрда жыйынга чогулат. Курамында 22 мамлекет бар Араб мамлекеттер лигасы болсо Түркиянын күрд кошуундарына чабуул коё баштаганын 12-октябрда талкуулайт.

XS
SM
MD
LG