Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:57

Ашхабадда Түркмөнстан менен энергетикалык кызматташтык талкууланат


КМШга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин Бишкектеги саммити. 13-октябрь, 2023-жыл.
КМШга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин Бишкектеги саммити. 13-октябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-майда Түркмөнстанда өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабад шаарына барат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйындын күн тартибине 12 маселе коюлган.

Анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташуу, эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү маселелери кеңири форматта талкууланат. Жыйында ошондой эле саламаттык сактоо, химиялык өнөр жай, кооптуу калдыктар менен иштөө жана интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча кызматташтык тууралуу бир катар документтер кабыл алынары күтүлүүдө.

Акылбек Жапаров Түркмөнстанга иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды жүргүзүшү пландалган.

КМШнын курамына Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG