Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Түркияда кыргызстандык кыз-келиндер кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу түркиялык «Ihlas» кабар агенттиги маалымат таратты. Анда 10-октябрда Түркиянын баш калаасы Анкарада түнкү клубдарда мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүк кыз-келиндер кармалганы жазылган. Полиция кызматкерлери атайын операция аркылуу 16 өзбек, 13 кыргыз, 2 түркмөн жарандары Анкаранын Кызылай аймагындагы көңүл ачуучу жайларда, кафелерде жана кеңселерде иштегенин текшерип аныктаган.

Кабарда кармалган чет өлкөлүк кыз-келиндер өлкөлөрүнө жөнөтүлөөрү жазылган. Ал эми иш берген түнкү клубдарга «Чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз иштететүү» беренеси боюнча ири өлчөмдөгү айып пул салынган.

Түркияда учурда расмий бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жашайт. Алардын 86 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Ал эми 2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Бирок Түркияда мыйзамсыз иштеген кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө.
Негизинен мигрант кыз-келиндер бала багуучу, кары кишилерди карап жана үй кызматтарында иштешет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашашат. (ElB)

XS
SM
MD
LG