Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:52

Иранда президенттин инисинин түрмөдөгү жаза мөөнөтү башталды


Хусеин Ферейдун.
Хусеин Ферейдун.

Ушул айдын башында Иранда сот президент Хасан Роуханинин бир тууган иниси Хусеин Ферейдунду беш жылга эркинен ажыраткан. Ал быйыл май айында коррупцияга байланыштуу камакка алынган.

Сот бийлигинин өкүлү Голамхоссейн Эсмаили Ферейдунга дагы башка айыптар коюлушу ыктымал экенин билдирип, бирок анын чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес.

Хусеин Ферейдун 2017-жылы өлкө президенти жана бир тууган агасы Хасан Роуханинин башкы кеңешчиси болуп турган учурда «финансылык кылмыштарга аралашкан» деген айып менен камакка алынып, көп өтпөй күрөө төлөп бошотулган.

Консерваторлор аны каржылык мыйзам бузууга, коррупцияга байланыштуу айыптап, соттолушун талап кылышкан.

Роуханинин тарапкерлери Ферейдундун жагдайы президентти каралагысы келгендердин иши деп эсептей турганын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG