Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Алгач ирет жалаң астронавт аялдар ачык космоско чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-октябрда тарыхта алгач ирет аялдар эркектердин коштоосу жок ачык космоско чыгышты. Бул тууралуу АКШнын космостук агенттиги - НАСА кабарлады.

Америкалык астронавттар Кристина Кук жана Жессика Меир Эл аралык космостук станцияны энергия менен камсыз кылган сырткы аккумуляторлорун алмаштырышты. Алар станциянын сыртында жети саат болду. Бул Меирдин төртүнчү, Куктун алгачкы тажрыйбасы.

Жалпы эсепте аялдар ачык космоско 14 жолу чыгышкан.

Тарыхта биринчи жолу 1965-жылдын март айында Алексей Леонов «Восход» кемесинен чыгып, 2 мүнөт 9 секунда ачык космосто болгон.

XS
SM
MD
LG