Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:36

Түркия кыргызстандык кыз-келиндердин дагы бир тобун өлкөдөн чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт. «Habertürk» басылмасы.

Түркия кыргызстандык кыз-келиндер тобун депортациялады. Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги маалымдады.

Маалыматта 5-ноябрда Түркиянын Артвин аймагында полиция "сойкулук" беренеси боюнча 33 чет өлкөлүктү кармаганы жана аларды мекенине жөнөткөнү жазылган.

Алардын төртөө кыргызстандыктар.

Кармалган 33 шектүүнүн 12синде жугуштуу оору бар экени аныкталды.

Түркиянын Артвин аймагы Грузия менен чектешет.

Артвин аймактык саламаттык сактоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, 2018-жылы 261 чет өлкөлүк кыз-келин «сойкулук» беренеси менен медициналык текшерүүдөн өтүп, депортацияланган.

Расмий маалымат боюнча, Түркияда учурда бир миллиондон ашык чет өлкөлүк жашайт. Алардын 86 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт.

Түркияда мыйзамсыз иштеген кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө.

2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Негизинен мигрант кыз-келиндер бала багуучу, улгайган кишилерди карап баккан камкорчу болуп жана үй кызматтарында иштешет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт.

Түркиядагы кыргызстандыктар тобу өлкөдөн чыгарылганы тууралуу кабар буга чейин да тараган. (ElB)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG