Бишкектин абасы дүйнөдөгү эң кир аймактардагыдай абалга келди. Экологиялык маселелер эң кооптуу көйгөйгө айланды. Дал ушундай чочулоолор маалымат каражаттарынын башкы темасына айланды. Мындай билдирүүлөргө экологиядагы зыяндуу калдыктарды аныктаган соңку текшерүүлөр негиз болду. Дал ушундай шартта экологиялык маселелерди чечүү үчүн эмне кылуу керек. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Кыргыз улуттук университетинин биология кафедрасынын жетекчиси, эколог Алмагүл Кендирбаева, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы “Шаардагы сейил бактар” ишканасынын директору Калича Умралиева жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов катышты.
Чыгарылыштар
-
Март 16, 2026Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр
-
Февраль 26, 2026Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды
-
Февраль 19, 2026Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМК өзгөрөбү?
-
Февраль 12, 2026"Эксперттер талдайт": Ташиевдин отставкасынан кийинки кырдаал
-
Январь 28, 2026Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат?