Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Адвокат Токтакунов Матраимовго каршы Башкы прокуратурага арыз жазды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды.

Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен өтө көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса чара көрүүнү өтүндү:

- Чыгашасы кирешесинен көп болсо, анда кылмыш ишин козгош керек. Журналисттик иликтөөдө анын расмий кирешеси 7-12 миң доллар деп айтылууда. Ал эми чыгымдары аябай көп – Дубайда 12 миллион долларга мүлк алып жатат. Чоң спорттук турнирлерди өткөрүүдө. Ал турнирлерге биздин өкмөттүн мүчөлөрү барып жатат. Баары билет, баары далилденген.

Токтакунов Башкы прокуратурага катардагы жаран катары кайрылганын, эгер каалоочулар болсо бул кайрылууга кошулса болорун белгиледи.

Жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга эч тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын, журналисттерди сотко бергенин, «Азаттык» радиосу боюнча эл аралык деңгээлде сотко даярданып жатканын 6-декабрда УКМКдан сурактан чыкканда журналисттерге айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG