Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Четте табылган кыргыз паспорту боюнча маселе парламентте көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын паспорттору чет өлкөдө кылмышка шектүүлөрдөн чыгып жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңеште кайрадан көтөрүлдү. Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын паспорту Германияда оор кылмыш үчүн айыпталган адамдардан табылганын эске салып, бул боюнча өкмөттөн түшүндүрмө талап кылды.

- Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси «бул 1994-жылы берилген паспорт экен» деп актанып жатат. Андай эмес. Мына, кыргыз паспорту ар кайсы жактан чыгып жатат. Ошондуктан өкмөт кандай чара көрүлүп жатканы, эмне иштер аткарылганы боюнча бирдиктүү жооп бериши керек, - деди Касымалиева.

Жакында Германияда өлтүрүлгөн грузин жараны Зелимхан Хангошвилини өлтүргөн деп шек саналган кишилерде Кыргызстандын паспорту табылганын эл аралык маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ага ылайык, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына тиешеси бар деген адамдар башка ысым менен Кыргызстандын паспортун колдонуп жүрүшкөн.

Ага чейин да бир нече чуулгандуу иште кыргыз паспорту коллдонулганы белгилүү болгон эле.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги былтыр 2015-2016-жылдары мыйзамсыз паспорт берүүгө, жасалма паспортторго байланыштуу 228 кылмыш иши козголуп, 125и сотко жөнөтүлгөнүн, ондогон кылмыш иштери айыпталуучунун кайда экенин аныктоо мүмкүн болбогондуктан жана «кылмыш жообуна тартыла турган адамдар аныкталган жок» деген жүйө менен токтотулганын билдирген.

Быйыл жыл башынан бери эле мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголгону ноябрь айында парламенттеги фракция жыйынында белгилүү болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG