Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Бишкекте Абдыкерим Сыдыковду эскеришти


Абдыкерим Сыдыков.
Абдыкерим Сыдыков.

Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы университетте совет мезгилиндеги кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыковдун 130 жылдыгына арналган конференция өтүп жатат. «Абдыкерим Сыдыков кыргыз совет мамлекеттүүлүгүнүн башатында» деп аталган илимий жыйынга окумуштуулар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик ишмердин урпактары катышууда.

Анын жүрүшүндө Сыдыковдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү салымы боюнча докладдар окулду.

Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында туулган. 1904-1911-жылдары Верный (азыркы Алматы) шаарындагы гимназияда билим алган.

Ал Тоолуу-Кыргыз облусун түзүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы болуп, ошол кездеги мамлекеттик ишмерлердин сап башында турган.

Абдыкерим Сыдыков жалган жалаага кабылып, 1938-жылы 18-февралда 49 жашында атылып кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG