Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Саймаитинин өлүмү: УКМК журналисттердин коопсуздугуна кепилдик берет


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Уйгур ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы офицерлери Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбековду суракка чакырды. Бул тууралуу мекеменин расмий билдирүүсүндө айтылды.

УКМК ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да суракка чакырыларын кабарлап, алар Кыргызстанга келсе өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кепилдик берилерин кабарлады.

Мекеме журналисттик иликтөөнүн материалдарынын көчүрмөлөрүн “Азаттык” радиосунан алганын ырастады. Алар тергөөнүн материалдарына кыстарылды.

Мурдараак иликтөөчү-журналисттердин коопсуздугун камсыздоого президент Сооронбай Жээнбеков да убада берген.

Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схема боюнча журналисттерге маалыматтарды жана жүздөгөн документтерди берген кытайлык, уйгур тектүү Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Түркияда аны өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалды. Иликтөөдө Саймаити журналисттерге аны Кыргызстанда сабоо жана өлтүрүү жөнүндө коркутуулар болгонун кабарлаган. Бул факт боюнча УКМК “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси боюнча тергөө баштаганын билдирип, журналисттерди суракка чакырган.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Али Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн. «Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилейт.

Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан "Скайп" аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген. 13-декабрда иликтөө боюнча материалдарды УКМКга өткөрүп берди. (ErN)

XS
SM
MD
LG