Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Туристтерге жана чет элдик кыргыздарга жаңы виза бериле баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет өлкөлүк жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев виза берүүнүн жаңы нускамасына кол койду.

15-январдан тартып күчүнө кирчү документке ылайык, кыргыз улутундагыларга «Туугандык виза», «Мекен виза» жана «Мейман виза» деген жаңы визалар бериле баштайт.

  • «Туугандык виза» - туугандар менен көрүшүүнү каалаган чет элдик кыргыздарга бир жылдык виза берилет.
  • «Мекен виза» - Кыргызстанда төрөлгөн жана башка өлкөдө жашаган кыргызстандыктарга кайрылман макамын алыш үчүн бир жылдык мөөнөткө акысыз виза берилет.
  • «Мейман виза» - атайын чакыруунун негизинде Кыргызстанга келүүнү каалагандарга берилет.

Мындан сырткары Кыргызстанга тоо туризмине кызыккан чет өлкөлүктөргө үч айлык мөөнөткө «тоо туризм визасы» бериле баштайт. Мындай визаны алгандар өлкөгө бир нече жолу кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келе турган туристтерди көбөйтүүнү максат кылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG