Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 11:56

Зеленский Ирандан кыйраган учак үчүн кенемте талап кылды


Владимир Зеленский Киев аэропортунда учактын курмандыктарын эскерип жатат

Украинанын президенти Владимир Зеленский Иран Тегеранда кулаган украиналык жүргүнчү учакты кокусунан атып түшүргөнүн моюнуна алган соң билдирүү таратты.

Анда Зеленский Иранды кырсыкты толук кандуу иликтөөгө, күнөөнү толук моюнуна алууга чакырып, кенемте күтүп жатканын айтты.

- Эл аралык комиссия кырсыктын себебин иликтеп бүтө электе Иран украиналык учакты атып түшүргөнүн моюнуна алды. Бирок биз күнөөнү моюнуна толук алышын талап кылабыз. Ирандан кырсыкты ачык иликтөө боюнча даяр экенин билдирген ишаратты, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, мерт болгондордун сөөгүн мекенине кайтарууну, кенемте төлөп беришин жана дипломатиялык каналдар аркылуу расмий кечирим сурашын күтүп жатабыз, - деп айтылат Зеленскийдин билдирүүсүндө.

11-январда эртең менен Иран Тегеранда кулаган украиналык учакты “адамдын жаңылыштыгынан улам” кокусунан аскерлери атып алганын жарыялаган.

Мамлекеттик телеканал аркылуу жарыяланган билдирүүдө “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык учак Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун аскер базасын көздөй багыт алганда “душмандын объектиси” катары жаңылыш кабыл алынганы айтылган.

"Боинг 737-800" үлгүсүндөгү учак 8-январда таңга маал Ирандын борбору Тегерандан Киевди көздөй учуп чыгары менен эле кырсыкка кабылган.

Учактагы 167 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү, жалпысынан 176 адам мерт болгон.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG