Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өтүп жатат (видео)


Баткен шаарында өтүп жаткан координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.
Баткен шаарында өтүп жаткан координациялык кеңешме. 16-январь, 2020-жыл.

Чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешмеде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров облус аймагындагы коомдук-саясий абал тууралуу маалымат берди.

Анда айтылгандай, 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак чыгып, анын 11и Баткен районунун, үчөө Лейлек районунун аймагында катталган. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган.

Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды куруу катталган.

Жыйында Баткен облусундагы коомдук-саясий абал, өкмөттүн кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы өкмөткө караштуу атайын комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берилип жатат.

Чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешмеге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн алдындагы жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда.

15-январда Бишкекте жана Баткенде чек ара маселесине байланыштуу митингдер өтүп, катышуучулар бийликке бир нече талап коюшту.

Анын ичинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан кетирүү, Баткен районунун Көк-Таш айылында «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шек саналып кармалган төрт кишини бошотуу жөнүндө талаптар бар.

14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы «Гүлистон» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Узакка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Алардын бири - Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу. (MdN)

XS
SM
MD
LG