Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:29

Орусия чек арасында жана аэропортторунда текшерүүнү күчөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Белгисиз жугуштуу оорудан сактаныш үчүн Орусия чек арасында жана аэропортторунда текшерүүнү күчөттү.

Орусиянын Вирусология жана биотехнология борбору 21-январдан тартып чек аралардагы өткөрүү бекеттеринде, аэропорттордо сырттан келгендерди текшерүү күчөтүлгөнүн маалымдады.

Маалыматка ылайык, ооруканалар бул дартка шектүү адамдарды бөлүп, дарылоого даярдалган.

Орусия Кытай менен 4200 чакырымдан ашуун аймагында чектешет. Жыл сайын өлкөгө 1,5 млн. чамалуу кытайлык туристтер келет.

Москвадагы Шереметьево аэропорту AFP агенттигине маалымдагандай, Кытайдан учуп келген каттамдардын жүргүнчүлөрүн текшериш үчүн кошумча санитардык көзөмөл жагынан чара көрүлөт. Жүргүнчүлөр учактан түшүрүлбөй туруп алардын дене табы өлчөнөт.

XS
SM
MD
LG