Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

«Күнкарама» тасмасы кинофестивалда байгелүү орунга ээ болду


«Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын мекени» фестивалынын статуэткасы. Иллюстрациялык сүрөт.
«Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын мекени» фестивалынын статуэткасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз кинематографиясынын маалыматына ылайык, аталган тасма Нур-Султан шаарында өткөн ATAU - 2020 фестивалында «Эң мыкты даректүү фильм» байгесин жеңип алды.

Сынакка Кыргызстандан эки режиссёр Чыңгыз Сулумбеков менен Данил Усманов тасмаларын сунуш кылышкан.

Натыйжада Сулумбековдун «Күнкарама» фильми байгелүү орунга илинип, ал эми Усмановдун «Жакшы күндө баратам» деген тасмасы фестивалдын жабылыш аземинде коюлууга татыды.

«Күнкарама» тасмасында аялынын өлүмүнөн кийин жалгыз калган орто жаштагы кишинин тагдыры баяндалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG