Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Баткендеги социалдык шаарчага таза суу тартылды


Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарча
Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарча

Баткен шаарынын вице-мэри Имигүлсүн Рыскулованын "Азаттыкка" билдиришинче, Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарчага үч чакырым аралыктан таза суу тартылып, ар бир үйгө киргизилген.

Буга чейин социалдык шаарчада жашап жаткан тургундар үйлөр сапатсыз курулуп, таза суу келбей алыстан ташып жатышканын, канализация, ФАП жана бала бакча иштебей турганын билдиришкен.

Баткен мэриясы ФАП ишке киргенин, тургундар айткан кемчиликтер тез арада оңдолгонун маалымдашты.

Баткендеги Али Аль-Ганим жана Фаиза Аль-Харафи атындагы социалдык шаарчада аз камсыз болгон 106 үй-бүлөгө үч бөлмөлүү төрт батирден турган 25 үйдү Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси салган. Долбоорго «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси 103 млн. сом каражат жумшаган.

Буга чейин Баткен мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, майыптар үчүн курулган турак жай керектүү үй эмеректери менен камсыздалганын, 1700 метр түтүк жаткырылып, таза суу ар бир батирге тартылганын, кичи футбол аянты, мечит, ФАП, бала бакча курулганын билдирген.

Социалдык шаарчаны куруш үчүн Баткен мэриясы 3,5 гектар жер бөлүп берген.

XS
SM
MD
LG