Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Косоводо жаңы өкмөттүн курамы боюнча мунаса табылды


«Ветевендосйе» («Өзүн-өзү аныктоо») партиясынын лидери Албин Курти менен «Косовонун демократиялык лигасы» партиясынын башчысы Иса Мустафа (оңдо).
«Ветевендосйе» («Өзүн-өзү аныктоо») партиясынын лидери Албин Курти менен «Косовонун демократиялык лигасы» партиясынын башчысы Иса Мустафа (оңдо).

Косовонун эки ири партиясы жаңы өкмөттүн курамы боюнча мунаса табышты. Мындай келишимге 2-февралда оңчул-улутчул деп мүнөздөлгөн «Ветевендосйе» («Өзүн-өзү аныктоо») партиясынын лидери Албин Курти менен борбордук-оңчул «Косовонун демократиялык лигасы» партиясынын башчысы Иса Мустафа кол коюшту.

Балкан аймагындагы бул өлкөдө 6-октябрдагы чукул шайлоодон бери өкмөт куралбай келген. Ал шайлоодо эки партия 120 орундуу парламентте 61 мандатка ээ болгону менен өкмөттүн курамы боюнча мунаса табылбай келген. Себеби Косовонун Конституциясына ылайык, жаңы өкмөткө башка улуттук азчылыктардын да өкүлдөрү кириши керек эле.

Жекшембиде кол коюлган келишимге ылайык, жаңы коалицияга сербдердин, түрктөрдүн, босниялыктардын жана башка айрым улуттардын өкүлдөрү кирмей болду.

Косово 2008-жылы Сербиядан өз алдынчалыгын жарыялаган. Андан бери аны дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды.

XS
SM
MD
LG