Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

ТИМ: АКШнын айрым талаптарын 2-3 жумада аткарса болот


Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги
Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги

АКШ Кыргызстанга эки багыт боюнча 11 талап койгонун Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин Америка жана Батыш Европа бөлүмүнүн башчысы Руслан Бекболотов билдирди. Анын тогузу - терроризм жана коопсуздук маселелерине байланыштуу маалымат алмашуу талабы. Калган экөө биометрикалык паспортко байланыштуу экенин ТИМ өкүлү "Азаттыктын" "Биз жана Дүйнө" телеберүүсүндө маек куруп жатып айтты:

“Биз буга чейин АКШ элчилигинин кызматкерлери, элчи менен жолукканда алар белгилеп кетишкен, бул тогуз маселени чечиш үчүн эки-үч жума эле жетиштүү. Эң негизги маселе - биометрикалык паспорт киргизүү. Биздин өкмөттүн планы боюнча былтыр эле биометрикалык паспорт кирмек. Бирок тендердин бүтүшүнө, сот чечимине байланыштуу созулуп кетти.” деди Бекболотов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов биометрикалык паспорт "2020-жылдын аягы, же 2021-жылдын башында бериле баштайт" деп ынандырууда.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу да 5-февралда “Азаттыкка” маегинде Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт колдонбогон дүйнөдөгү 30 өлкөнүн катарына кирерин, визалык чектөөгө ушул негиз болгонун баса белгиледи.

31-январда АКШда президент Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизген.

"Биз жана Дүйнө" телеберүүсүнүн расмий бийлик адамдары жана эксперттер менен талкуусу бейшемби, 6-февралда 21.30да ЭлТР телеканалынан көрсөтүлөт. Ал берүү ушул эле сайтка жана "Азаттыктын" социалдык сайттардагы барактарына коюлат.

XS
SM
MD
LG