Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Бажы кызматы Матраимовдун кудасы боюнча иликтөө жүргүзүүдө


Эркинбек Айдаров жана ал толтурган декларация
Эркинбек Айдаров жана ал толтурган декларация

Кыргызстандын бажы офицерлеринин бири Эркинбек Айдаров боюнча учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу парламентте Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Султан Мамасадыков билдирди.

“Акча ташып чыгарууга катыштыгы бар кызматкер боюнча учурда кызматтык иликтөө жүрүүдө. Жыйынтыгы тууралуу “Азаттык” радиосуна сөзсүз маалымат беребиз”, - деди Мамасадыков.

“Азаттык”, “Клооп” жана OCCRP биргелешип жүргүзгөн журналисттик иликтөөдө Кыргызстандан аэропорт аркылуу миллиондогон накталай доллар чет өлкөлөргө ташылып турары ырасталган. Акча ташыгандар арасында Ош облусундагы темир жол бажысында иштеген Эркинбек Айдаров да бар. Журналисттердин колуна тийген бажы декларациясында ал 2016-жылы 25-мартта алып өтүп жаткан 715 миң долларды “айлык акы, ишкердик кирешеси” катары белгилеген. Бирок Юстиция министрлигинин сайтынан Эркинбек Айдаров ээлик кылган "Евро-Тур" компаниясы 2010-жылы жабылып, андан бери эч кандай ишкердик жүргүзбөгөнүн билүүгө болот.

Түркияга акча ташып жаткан учурда Айдаров бажы кызматкери болчу жана чогулткан айлыгы 715 миң долларга жетмек эмес. Ал дагы бир бажы офицери Зафар Айдаровдун бир тууган иниси. Зафар Айдаров Кара-Суунун акими Тилекбек Матраимовдун кудасы, бажынын мурдагы жетекчилеринин бири Райымбек Матраимовдун жакын адамы саналат.

Эркинбек Айдаров акча ташыйт деген маалыматты четке каккан.

XS
SM
MD
LG