Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Курсан Асановдун иши боюнча алгачкы соттук жыйын башталды


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу алгачкы соттук жыйын башталды. Бул тууралуу адвокаттар кабарлашты.

Азырынча ал кайсы иш боюнча өтүп жатканы белгисиз. Алгачкы соттук жыйынга Курсан Асанов, анын айдоочусу Дамирбек Пайзылда уулу, «Чындык» сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков жана мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков катышып жатат.

4-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов боюнча тергөө иши аяктаганын маалымдаган. Андагы маалыматка ылайык, Асанов Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»), 43-беренесинин 2-бөлүгү («Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу»), 44-беренесинин 2-бөлүгү («Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу»), 45-беренесинин 3-бөлүгү («Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк»), 5-бөлүгү («Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү») боюнча айыпталууда.

Анда Башкы прокуратура Асанов ИИМдин башка кызматкерлери Пайзилда уулу Дамир менен Мухамедали Асановду өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, жардамчысы жана жансакчысы катары иштетип жүргөн, ал эми өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков менен чогуу ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын кабарлаган.

Мындан тышкары Курсан Асанов 7-8-августта Кой-Ташта Дамир Пайзилда уулу жана Мухамедали Асанов менен кошо кылмыш далилдерин жок кылган, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына, андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берген деп айыпталууда. Бул иштин алкагында жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу да камакка алынган.

Курсан Асанов «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан четтетилип, үй камагына алынган.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухамедали Асановго издөө жарыяланган. Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан. Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков да камалып, үй камагына чыккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG